Коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүүдө
Новость

Күндөн –күнгө коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Бул жагдайда бейтаптарга жардамга келе турган медиктер күн-түн дебей күчөтүлгөн режимде иштеп жаткан чагы.

Ошол эле учурда айрым региондордо жеке коргонуучу каражаттардын тартыштыгына даттанган ак халатчандар дагы бар. Ал арада Өкмөт жергиликтүү бийликке медицина кызматкерлерин керек болгон каражаттар менен камсыздоо тапшырмасын бергендиги айтылды.

COVID-19 коронавирусунун негизги соккусуна адегенде Ухандагы медицина кызматкерлери кабылса, андан кийин жаңы вирустун курчоосуна алынган дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн медиктери дагы туш болду. Биз буга чейин оорунун очогу болгон жерлердеги картиналардан көргөндөй, айнек дубалдардын артында дем алдыруучу аппараттарга туташтырылган бейтаптардын жанында өздөрүн тобокелге салган медиктер турат. Көптөгөн врачтар алмаштыруучу коргоо каражаттарынын тартыштыгынан бир жолу колдонула турган масканы жана костюмдарды жууп бир нече жолу кийген учурлар дагы кездешти. Дарыгерлер, медайымдар чыдамсыз шарттарда иштеп, өздөрүнүн арасындагы жоготууларга карабай, эрдиктерди жасашты. Айталы, Кытайдын дарыгерлери элин дүйнөлүк эпидемиядан сактап калды. Согуш талаасында кан кечкен жоокерлердей эле кызмат кылган дарыгерлердин катарында иш таштагандар дагы болууда. 

Маалымат булактарында Белоруссиянын Минск шаарындагы ооруканалардын биринде дарыгелер иштөөдөн баш тартышкандыгы жазылды. Россияда дарыгерлер коронавирусту жуктуруп, бир нече оорукана бейтаптарды кабыл албай, карантинге жабылды. Украинада болсо бир сутка ичинде эле 85 медицина кызматкери коронавирусту жуктурду. Казакстанда 120дан ашык медик вирус менен ооруп жатат. Коронавирус катталган бардык өлкөлөрдө вирус биринчи кезекте дарыгерлерге жугууда. Дүйнө боюнча коронавирусту 22 миңден ашык медицина кызматкери жуктуруп алды. Кыргызстанда болсо бул сан 83тү көрсөтүүдө. 

Башка мамлекеттер сыяктуу эле өлкөдө дагы медиктердин иштөөсүнө бардык эле учурда жетиштүү шарттар тузулбөгөндүгү коомчулуктун тынчын алууда. Социалдык тармактарда, ак халатчандардын жеке коргоочу каражаттар менен камсыз болбогондугу жарыяланууда. Анын бири Лейлек районундагы Исфана шаарындагы бейтапканалардын биринин дарыгери видеокайрылуу жасаган. 

“Бизге башка өлкөлөрдөн, умрадан келгендер бар, бирок бизде коргоочу каражаттарыбыз жок”.

Вирус менен күрөшүүдөгү негизги каармандар болгон дарыгерлер, күн сайын өмүрүн тобокелге салып, иштеп жатат. Алардын арасында Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгери Койсун Бегалиева бир айдан бери үйүнө бара элек. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтуусунда, көпчүлүк аймактарга керек болгон жабдыктар, каражаттар жиберилип жатат. Ал эми Лейлектеги доктурлар атайын кийимдер жакынкы күндөрү камсыз болот. Техникалык маселелерден улам кармалып жатакандыгын кошумчалады чиновник.

Тилекке каршы, мындай көйгөлөргө азыркы тапта дүйнө жүзүндөгү өмүр сакчылары туш болууда. Айрым өлкөлөрдө, дарыгерлердин өздөрүнө маска сатып алуу табылбаса анда колго тигип кийүү сунушталган учурлар дагы бар. Бирок, кандай гана кыйынчылыкка карабастан, патриоттук сезим менен иштеп жаткан дарыгерлердин катары калың. Айталы, бүгүнкү кундө вирустун очогуна ыктыярдуу түрдө чогулган медиктердин тобу 4-жолу жөнөтүлдү. Үй-бүлөсүн, жакындарын таштап коюп , бейтаптардын жанында күнү-түнү ажал менен күрөшүп жаткан беш жарым миңден ашык медицина кызматкери өз милдетин өтөп жаткан учур. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө медиктерди зарыл болгон коргоочу каражаттар менен камсыз кылууну тапшырган. 

Эпидемиянын очогунда, Европа, Азия, Америкада дагы согуш талааларында эрдик көрсөткөн аскерлер сыяктуу эле ооруканаларда, талаа госпиталдарында дарыгерлер тыным албай кандай гана шарт болбосун иштеп жатышат. 

Эгерде дарыгерлер фронттон кетсе, анда бардыгы баш аламандыкка кабылышат. Дүйнө жүзундө эпидемия күч алып жаткан учурда, дарыгерлерге, жөнөкөй жарандардан бир гана колдоо-карантиндин режимин сактоо керектиги дайыма эскертилүүдө.