COVID-19: дагы 13 бейтап айыгып чыкты
Новость

16-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 17 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Ошентип, илдетке кабылгандардын жалпы саны 466 кишиге жетти. Жаңы катталган учурдун ичинен Бишкек шаарында - 5, Ош облусунда - 1 жана Нарын облусунда - 11 адам бар. Алардын жетөө аял, 10у эркек киши. Бир суткада коронавирустан 13 бейтап айыгып чыкты. Ош шаарында - 2, Бишкекте – 3, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда 4 киши ооруканадан чыгарылды. Учурда айыгып чыккандардын саны 91 киши болду. Өткөн суткада 5 медицина кызматкеринен COVID-19 вирусу тастыкталды. Инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 104кө жетти. Алардын 29у - дарыгерлер, 44ү - орто медперсонал, 17си - кенже медперсонал, 14ү – медициналык мекемелерде иштеген башка адистер.