Нарын облусунун Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу милиция кызматкерлеринин гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын маалымат кызматы билдирди. Коронавирустун жайылышына бөгөт коюу максатында аталган аймактарда өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу иш алып барып жаткан кызматкерлерге каменданттын буйруктары тааныштырылды. Ошондой эле жугуштуу оорунун алдын алууда кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин өз коопсуздугун сактоо боюнча да тыкыр нускамалар өткөрүлдү. Комендант Уланбек Аалиевдин айтымында, Нарын шаарына 4 жерге санитардык- карантиндик блок-посттор, 4 жерге фильтрациалык посттор коюлду. Ал эми Ат-Башы району боюнча 5 жерге блок-пост, 21 аймакка фильтрациалык посттор жайгаштырылды.