Өзгөчө абал маалындагы ак халатчандардын эмгеги
Новость KTRK/videograp

Дүйнө жүзү коркунучтуу илдет менен күрөшүп жаткан кезде, Кыргызстан дагы өнүккөн өлкөлөрдөн калышпай, дартка чалдыккандарды сакайтып жатат. Баш калаадагы ыкчам топтун дарыгерлери бир күндө миңге жакын чакырууларга үлгүрүп барууда. POST1RIGHT

Колун антисептик менен тазалап, колкап кийип, андан соң башынан бутуна чейин коргоочу кийимдерди кийинүү вазийпасын мобилдик топтун дарыгерлери бир күндө бир нече ирет кайталашат. Далай дартка даба тапкан дарыгерлер бейтаптар менен аралашып жатып, өз ден соолугунун да коопсуздугун камсыздашы керек. Себеби ушул тапта үй карантинине чыккандарга көзөмөл кылуу дал ушул мобилдик топтогу дарыгерлердин милдети.

Гиппократтын антын бек туткан ак халатчандап кандай гана учур болбосун адам өмүрүнүн сакчылыгында. Өлкө кыйын кырдаалга туш болгон азыркы тапта, элдин саламаттыгы үчүн алдыңкы катарда күрөшкөн дал ушул дарыгерлер. Бүткүл дүйнө коркунучтуу илдеттин мизин кайтарууга бараракетин жумшап жаткан кезде, өмүрүн тобокелге салган кесипкөйлөр, алардын орду канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу далилдеди.

Бишкектеги №3 бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда дарыгерлердин 10 ыкчам тобу уюшулган. Алар ордо калаанын Биринчи май районунун аймагындагы үй карантинине алынгандар менен жакындан байланышта болуп, бейтаптардын абалын көзөмөлдөп турат. Айрым учурда шаардын башка райондорун караган мобилдик топко жардамга барып, кесиптештеринин оорун колдон алышат.