Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 2 млн адамдан ашты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн. POST1RIGHT
COVID-19 илдетин дүйнөдө 2 млн 78 миң 277 адам жуктурса, 525 миң 216 адам айыкты. Каза болгондордун саны 138 миң 101. Коронавирусту эң көп адам АКШда жуктурду. Алардын саны - 639 миң 664. Вирусту Испанияда 182 миң 816, Италияда 165 миң 155, Германияда 134 миң 753, Францияда 134 миң 582 жана Улуу Британияда 99 миң 516 адам жуктурду. АКШда коронавирусту жуктурган 30 миң 985 адам каза болду.