Түркия мамлекетинен 500гө жакын кыргызстандык мекенине кайтууга даяр турат
Новость www

Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери өз жарандарын алып кетүүгө чартердик каттам уюштуруу жөнүндө сүйлөштү.Сүйлөшүү онлайн видео жыйын форматында отту. Анда, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглуга учак каттамдары токтоп калганына байланыштуу Түркияда жүрүү мөөнөтү өтүп кеткен кыргызстандыктардан айып пул албоо тууралуу чечим үчүн ыраазычылык билдирди. POST1RIGHT

Ушул тапта Түркия мамлекетинен 500гө жакын кыргызстандык мекенине кайтууга даяр турат. Аларды алып келүү аракеттери башталганын, эки мамлекет өз жарандарын алып кетүүгө чартердик каттам уюштуруу тууралуу сүйлөшкөнүн бүгүн тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Чет мамлекеттерден келүүнү каалаган мекендештерди алып келүү аракети дагы да уланууда. Чек аралар жабылганга чейин өлкөгө 6 миңден ашык жаранды алып келүүгө мүмкүн болду. 35 чартердик каттам уюштурулган. Кыргызстандыктар Кытай, Сауд Аравиясы, Корея, Индия, Орусия, Таиланд, Египет, Түркия жана Иран, Ветнам мамлекеттеринен келишкен. Айрым каттамдар Казакстан аркылуу уюштурулду. Президент Сооронбай Жээнбеков күн мурун, парламентте сүйлөп жатып, мекендештерди алып келүү үчүн бардык аракет жумшаларын белгиледи.