Стамбулдан келген 212 жүргүнчү обсервацияга жөнөтүлдү
Новость КТРК

“Манас” эл аралык аэропортунда 17-апрелде Стамбулдан келген чартердик рейсти тосуп алышты.

Баарынын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 593 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
- Жакын байланыштар (I категория) – 1 612,
- Башка байланыштар (II категория) – 5 981,
Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 857 адам жатат.