Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны күн санап өсүүдө. Алардын арасында Борбор Азиядан баргандар да аз эмес. Элчиликтин маалыматы боюнча, тилекке каршы, Кыргызстандын жарандары да илдетке кабылган. Алардын так саны азырынча белгисиз.POST1RIGHT
Эки бөлмөлүү батирдин биринде Айпери үй бүлөсү менен жашайт. Экинчи бөлмөдө болсо, Өзбекстандык аял эки баласы менен турат. Мекендешибиздин айтымында, кошуна бөлмөдөгү аялдын дене табы көтөрүлүп, тез жардам чакырган. Доктурлар текшерип, сасык тумоо экенин айтып кетишкен. Андан үч күн өткөн соң, батирдегилердин барынын дене табы көтөрүлүп, жөтөлө баштагандыктан, тез жардам кызматын кайрадан чакырышкан.
Айпери медицина кызматкерлеринен батирдегилердин барынан covid-19 аныктай турган анализ алуусун өтүнүп, суранган. Жыйынтыгында батирдеги эки адамдан коронавирус аныкталган.
Бул илдетке кабылган эмгек мигранттарынын так саны азырынча белгисиз. Медицина кызматкерлери, жеке маалыматтардын купуялуулугун сактап, ачыктабайт. Бирок, элчиликтен билдиргендей, ооруга кабылган мекендештер жок эмес.