Кыргызстандын медицина кызматкерлери кесиптик парзын ар намысын бийик кармоо менен аткарып жатат. Жугуштуу илдет менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин эмгек акысын, кошумча төлөмдөрдү өз убагында берип, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо жагы дагы колго алынууда.
Чакыруу түшөөрү менен даяр турган дарыгерлер тобу дароо маалымат кагазын алып тез жардам унаасын көздөй чуркайт. Айдоочуга бара турган даректи эле айтып кой, эскертүүчү добушун күйгүзүп тезинен жолго чыгат.
Буга чейин ар кандай коргонуучу кийимдерди дарыгерлер теория жүзүндө окутуу учурунда таанышса, эми чакыруу болгон сайын баштан аяк атайын кийимдерди кийишет. Эки катталган беткап жана бетти, көздү вирустардан коргоочу ачык түстөгү тоскуч. Тез жардам унаасында болсо бардык керектелүүчү жабдыктар жана дары-дармектер толук.
10 жылдан бери тез жардам кызматында диспетчер болуп иштеген Акылай Ажибаеванын айтымында өзгөчө абал учурунда ар кандай кеңеш алуу үчүн кайрылгандардын саны көбөйгөнү менен, тез жардам кызматынынын чыгуулары азайды. Мунун себебин ал, жарандардын үйдө отурганы менен байланыштырат.
Ошентсе да тез жардам кызматындагылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Ушул тапта жалпы жонунан 38 бригада бар болсо, алардын баарына кооптуу учурда кандай иш алып баруу керектиги түшүндүрүлгөн. Мындан сырткары телефон аркылуу ар кыл кеңештерди берип туруу үчүн кеңешчи дарыгерлер тобу түзүлгөн.