Коронавирустан айыгып чыккан дарыгерлер кайрадан кызматка киришти
Новость www

COVID-19 инфекциясынан айыгып чыккан бир катар медицина кызматкерлери кайрадан өзүлөрүнүн милдеттерин аткарууга киришти. 

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 116 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинде илдеттен айыгып, кайрадан ишке киришкен адистер бар.