Түркиядан келген Кыргызстандык жарандардын 198нин анализдеринин жыйынтыгы даяр. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Стамбул — Бишкек багыты менен учуп келген 198 жүргүнчүдө КОВИД-19 инфекциясы табылган жок. "Калгандарынын анализдери текшерилип жатат.
Алардын жыйынтыгы бүгүн түшкө чейин чыгат", - деди ал. Белгилей кетсек, 17-апрелде Түркиядан чартердик рейс менен Кыргызстандын 210 жараны учуп келген.