POST#RIGHTКыргызстанда дагы 3 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Айтымында, алардын экөө Бишкек шаарында, ал эми бирөө Нарын облусунда. Ошентип коронавирустан айыккандардын саны 133гө жетти. Ал эми бир суткада республика боюнча СOVID-19 инфекциясын жуктуруп алган 48 учуру катталды. Жалпы коронавирус илдетине кабылгандардын саны өлкө боюнча 554 адамга жетти. Вирус жаңы катталган учурларынын көбү жакын байланышта болгондордун арасынан чыгууда.
Учурда ооруканаларда 416 бейтап жатат. Алардын ичинен 16 адамдын абалы оор, тогузу жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми 400 бейтаптын абалдары канааттандырарлык жана орточо оор деп бааланууда.