Ош: коронавирустан дагы бир дарыгер айыкты
Новость www

Ошто оор абалда реанимацияга жаткырылган дарыгер коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, балдар жугуштуу ооруларынын дарыгери келип түшкөн биринчи күнү эле оор абалда реанимацияга жаткырылган болчу. 

"Бишкектен жана Ош шаарынан барган өз кесиптештеринин жардамы менен ал кыйынчылыктарды жеңе алды. Урматтуу дарыгерлер, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер үчүн, ден соолугуңуздарды тобокел кылып, бардык кыргызстандыктардын ден соолугунун сакчылыгында турганыңыздар үчүн рахмат", - деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле штаб дарыгердин видео кайрылуусун жарыялады. 

Анда сакайган бейтап дарыгерлерге ыраазычылык айтууда. «Мени оор абалдан чыгарышты. Мага караганда дарыгерлер көбүрөөк сарсанаа болушту. Силерге рахмат, өзүңөр да оорубагыла», - деди дарыгер.