Польшадан дарыгерлер келди
Новость www

Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польшадан курамында 8 медициналык кызматкерден турган топ келди. Польшалык дарыгерлер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтүшөт жана тажрыйбалары менен бөлүшөт. Алардын курамында жугуштуу илдеттер менен иш алып барган дарыгерлер бар. Польшадан келген медиктер адегенде Бишкекте болуп, кийин Ош, Жалал-Абад облустарына барат.