POST1RIGHT Кыргызстандын фармацевтикалык кеңеши дары-дармектерге жана медициналык каражаттарга болгон баа негизсиз кымбат сатылып жатса, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылууну сунуштайт.
Мындай пикирин кеңештин төрагасы Эрнис Асанов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Айтымында учурда дары-дармектин баасын туруктуу кармоо боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат.