POST1RIGHT Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирус жуктурган дагы 22 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 590 адамга жетти. Жаңы учурлардын ичинен Бишкек шаарында - 8, Ош облусунда - 3, Ош шаарында - 6 жана Нарын облусунда 5 учур. Коронавирус тастыкталган 590 учурдун ичинен Жалал-Абад облусунда – 105, Ош облусунда – 150, Ош шаарында – 93, Чүй облусунда – 32, Бишкек шаарында – 123, Баткен облусунда – 6, Нарын облусунда – 73, Ысык-Көл облусунда – 8. Алардын 321и аял, 269у эркек киши.