Кытайдан келген дарыгерлер топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт
Новость КТРК

POST1RIGHT Кытай Эл Республикасынан келген дарыгерлердин биринчи иш күнү, коронавирус инфекциясын аныктоочу тесттер менен иш алып барып жаткан лабораториянын адистери менен башталды. Биргелешкен баарлашуу учурунда кытай медиктери кыргыз кесиптештеринин вирусту аныктоодогу ишин жогорку деңгээлде экенин баалап, өз иштериндеги окшоштуктарды белгилешти. 

Аз убакыт аралыгында жугуштуу илдетти багындырган дарыгерлер эми топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү. Бир жумага созулган иш сапарынын алкагында алар Ош облусуна дагы барып, ал жактагы дарыгерлерге бейтаптарды дарылоодогу натыйжалуу ыкмаларды үйрөтүшмөкчү. Айта кетсек, 20-апрелде Кытайдын Синьцзян уйгур автономдуу округунун медицина кызматкерлеринен турган 11 дарыгерлер тобу атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүү максатында келишкен.