Коронавирус: дагы 22 жаңы учур катталды. Жалпы 612
Новость Www

22-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 22 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары - 10

Чүй облусу - 2

Ош шаары - 4

Ош облусу - 1

Жалал-Абад облусу - 4

Нарын облусу - 1

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган 10 медициналык кызматкерлер катталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер саны 157 жетти.