COVID-19: 22-апрелге карата короновирустан 38 бейтап айыгып чыкты
Новость KTRK/videograp

22-апрелге карата короновирустан 38 бейтап айыгып чыкты. Саламаттык сактоо министринин орун басары

Нурболот Үсөнбаев кабарлагандай, ушуну менен жугуштуу илдеттен сакайгандардын жалпы саны 254 адам болду. Ал эми бүгүнкү күнгө карата COVID-19 илдетин жугузуп алган жаңы 22 учур катталды. Бул жагдайда ооруну жугузуп алгандарга караганда, сакайып чыккандардын саны көп.