Бүгүн COVID-19 вирусу бар аял каза тапты, ал 53 жашта болчу. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бейтап Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына 5-апрелде оор абалда келип түшкөн жана кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган. Буга чейин ал 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин районундагы ооруканада дарыланып жаткан. Маркумда дагы кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарты бар болчу. Бул Кыргызстанда коронавирустан каза тапкан сегизинчи учур.
Статистика боюнча маалыматтар өткөн сутка катары 23-апрелге кошулат.