Өткөн жумада Түркиянын Стамбул шаарынан алынып келген кыргызстандыктардын айрымдары коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. 17-апрелде Бишкекке 200дөн ашык мекендеш чартердик рейс менен келген. Алар учактан эле текшерилип, дароо обсервацияга жөнөтүлгөн. “Келгендердин баарынан лабораториялык анализ алынган. Арасынан COVID-19 жуктурганы тастыкталгандар дагы чыкты. Алар ооруканада дарыланып жатышат.
Калгандарына тыкыр медициналык көзөмөл жүргүзүп, изоляторго кармап, кайра текшерип, жыйынтыгы терс экенин көрсөтсө үй карантинине чыгарабыз”, — деди Үсөнбаев. Ошондой эле ал жарандар 14 күн карантинге алынарын, анан дагы бир ирет лабораториялык анализ жасаларын кошумчалады. Ошону менен эле чектелбей, дагы 14 күнгө обочолонууга милдеттендирилип, жалпысынан 28 күнгө чейин медиктердин көзөмөлүндө болорун белгиледи.