Кыргызстанда дагы 19 кишиден коронавирус табылды. Бирок бир суткада вирусту жуктуруп алган 48 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. Анын айтуусунда, жаңы аныкталгандардын сегизи Бишкек шаарында, Чүй облусунда төрт, Ош шаарында төрт, Ош облусунда үч учур катталган. Арасында беш медицина кызматкери бар.
Бирөө Ош облусунда, бирөө Ош шаарында, үчөө Бишкекте иштеп жаткан. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 жуктурган 162 медик катталды, — деди Үсөнбаев. Ушуну менен коронавируска кабылгандардын жалпы саны 631 жетти. Ал эми айыккандар 302 киши. Сегиз адам каза болду. Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин коронавирустун жеткен чеги ушул жумага туура келерин айткан.