Кыргызстанда сутка ичинде 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты
Новость www

Кыргызстанда сутка ичинде 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. POST1RIGHT 

Учурда коронавирустан айыккандардын саны 322ге жетти. Ал эми 24-апрелге карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 656 адам болду.