24-апрелге карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды
Новость КТРК

Кыргызстанда 24-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 25 жаңы учур катталды. 

Алар Бишкек шаарынан 6 киши, Чүй облусунан - 4, Ош шаарынан - 3, Ош облусунан - 3, Нарын облусунан - 9 киши бүгүнкү күнгө карата коронавирус жуктурган. 

Жалпы ооругандардын саны 656 кишиге жетти.Алардын ичинен - Жалал-Абад облусунда – 109, Ош облусунда – 157, Ош шаарында – 104, Чүй облусунда – 42, Бишкек шаарында – 147, Баткен облусунда – 6, Нарын облусунда – 83, Ысык-Көл облусунда – 8.