Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан өткөн сутка ичиндеги дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат.
2020-жылдын 23-апрель күнү Жалал-Абад облусу боюнча 196 310 погондук метр унаа жолдор, имараттын сырты 12 337 чарчы метр, имараттын ичи 5 876 чарчы метр залалсыздандырылган.
Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери автоунаа жүрүүчү жолдордо, жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда жана дарыканалардын аймактарында жүргүзүлүүдө.
Аталган иш-чара ӨКМ тарабынан республиканын бардык аймактарында күн сайын аткарылууда.