Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар 4 күн бою таңдан кечке Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында оорукананын адистери менен биргеликте бейтаптарга байкоо жүргүзүштү. Топ 24-апрелде Ош жана Жалал-Абад шаарларында иштешет. POST1RIGHT
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңсесинде адистердин байкоосунун жыйынтыгы талкууланып, кыргыз адистери өткөрүп жаткан жумуштар боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуу Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкованын катышуусунда өттү.
Польшалык топтун жетекчиси жана координатору Михал Мадейский жолугушууда жугуштуу оорулар ооруканасынын адистеринин даярдыгын, кызматкерлер арасында илдетти жуктуруп алуусуна жол бербөө боюнча ооруканынын жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чараларды жогору баалады. Ошондой эле коронавирус инфекциясына чалдыккан оорулууларды дарылоо ыкмасы Польша менен Италиянын дарылоо методикасына окшош экенин белгиледи.
KTRK/videograp