Пандемия башталгандан тарта Кыргызстанда 42 миңдей анализ алынды, анын 656сында коронавирус инфекциясы бар деп табылды. Ошону менен бирге 322 адам илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов президенттин кабыл алуусунда билдирди. Ал келе жаткан бир апта аралыгында эпидемиологиялык иликтөөлөр бардык жерде жүргүзүлөрүн айтып, өзгөчө жаңы конуштарга жана эл жыш жайгашкан жерлерге көңүл бөлүнөт деди.
Ушу тапта илдетти жуктургандардын ичинен 172 адам медицина кызматкерлери. Алардын арасында врачтар, орто, кичи персоналдар жана башка кызматкерлер бар. Ошол эле учурда ооруга кабылган ак халатчандардын элүү үчү айыгып, ооруканалардын чыгарылды. Биринчи вице- премьер-министр президентке республикадагы санитардык-эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.
Учурдагы кырдаал жана ошондой эле өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө, анын кесепеттерин жоюу жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам берүү боюнча чаралардын ишке ашырылышынын жүрүшү талкууланды. Кубатбек Боронов ушу тапта жугузуп алгандар менен байланышта болгондордун бардык контингенти көзөмөлдө — каттоодо экенин, алар менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп, анализдер алынып жаткандыгын айтты. Илдет аныкталбаган жарандар дагы врачтардын байкоосунда же үй карантининде.
Президент өлкөнүн бардык аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүлгөн режимде улантуу зарылдыгын белгилеп, экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жаңыртууга, жазгы талаачылык иштерин талаптагыдай жыйынтыктоону камсыз кылууга көңүл бурду. Биринчи вице-премьер-министр кийинки этапта илдет жуктуруп алгандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо боюнча иш алып барыларын кошумчалады.