Кытай Эл Республикасынан келген медициналык эксперттик топ Бишкекте дарыгерлерди окутуу ишин улантууда. Күн сайын бир нече саат аралыктан лекциялар өтүлүп, анда жугуштуу илдетке чалдыккандарды дарылоо ыкмалары, алдын алуу жана айыгып чыккан бейтаптар менен иштөө эрежелери үйрөтүлүп жатат. Бул тууралуу кабарчыбыз Самат Асиповдун сюжети.
Кытайдан келген медициналык эксперттик топ жергиликтүү дарыгерлерди окутуу иштерин бир жума бою жүргүзүшөт. Лекция, семинарлар аралыктан өтүлүүдө, мындан сырткары сабактар Ютуб каналынан түз алып көрсөтүлүп жатат. Окуулар дартты аныктоо, дарылоо, алдын алуу жана бейтаптарды байкоо темалары боюнча жүрүүдө.
Кытай дарыгерлери өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдөн сырткары жергиликтүү доктурлардын жумушуна көз салышууда. Алардын аракетине оң бааларын беришти. Мында вирус тез жайылып кетпеш үчүн ооруну туура дарылоо негизги максат.
Эске салсак, Кытайдан Кыргызстанга адистерди жөнөтүү боюнча келишим 14-апрелде Президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин телефондук сүйлөшүүсүндө жетишилген. Коронавируска каршы күрөшүүдө эң башкысы биргелешкен иш аракеттерди бекемдөө жана бейтаптарды дарылоо тажрыйбасы менен бөлүшүү.