Жугуштуу илдеттин жайылышынын алдын алуу максатында жер-жерлерде көчмө дүкөндөр жана убактылуу мобилдүү банктык пункттар иш алып барууда. Мындай муктаждык, калк жыш жайгашкан аймактарга мүнөздүү.
Ош - Кара-Суу - Алай жолундагы Мады участкасында 20-апрелден тартып, “РСК банктын” Ош филиалынын убактылуу мобилдик пункту иштеп баштады. Буга, өзгөчө абал кирген Ош шаары менен Кара-Суу райондорунун чектешкен аймактарындагы банк менен банкоматтарга болгон жарандардын узун кезеги негиз болгон.
Мында, банктык кызматтын бардык түрү көрсөтүлүүдө. Ага, Мады айылынын тургундары гана эмес, шаарга жакынкы Отуз-Адыр, Катта-Талдык айыл өкмөттөрү жана Алай районунун Жаңы-Алай айылынын тургундары да камтылды. Тейлөө аралыкты, санитардык эрежелерди так сактоо тартиби менен жүргүзүлүүдө.
Дал ушул жазгы талаа өнөктүгүндө мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жеңилдиктерди берүү өнөктүгү да үзгүлтүккө учуратылган жок. Жазгы талаа жумуштары дубанда 70 пайызга камсыздалды. “Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоору аркылуу 10-апрелге чейин 465 дыйкан, фермерге жалпы наркы 95,5 млн сомдук насыя берилген. Соңку бир ай аралыгында бир эле РСК банкы тарабынан аталган долбоор менен 8 жаранга 2,5 млн сомдук колдоо көрсөтүлгөн.