Кыргызстанда 25-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 9 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Ал билдиргендей, жаңы катталган учурдун ичинен Бишкек шаарында - 4, Ош шаарында - 4, Чүй облусунда - 1 учур бар. Алардын ичинен 6 - аял, 3 - эркек.