Кыргызстанда сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. "Вирустан айыккан 23 бейтап ооруканадан чыгарылды. 

Алардын ичинен Бишкек шаарында – 12, Ош шаарында – 10, Жалал-Абад облусунда - 1 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 345ке жетти", - деди ал. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-апрелге карата коронавирус жуктурган 9 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 665ке жетет. Алардын ичинен 345 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.