Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3 миллионго жакындап калды
Новость www

Дүйнө жүзүндө коронавирус менен катталгандар 2 миллион 700 миң адамдан ашты. Мындай маалымат Жон Хопкинс университетинин маалымат баракчасында көрсөтүлгөн. 

Акыркы маалыматтарга караганда жалпы 190 миңден ашуун киши өпкөнү сезгенткен COVID-19 инфекциясынан каза болду. 750 миңдей бейтап айыгып чыкты. 

Эксперттер каттоого алынбаган бейтаптардын саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн экенин айтып келишет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы атайын дарылоо курсу же вакцина табылганга чейин карантин чаралары кала бериши керек экенин билдирди. Ал арада Жонс Хопкинс университети коронавирус эң көп катталган 10 өлкөнүн тизмесин жарыялады.