Коронавирус: Дагы 25 бейтап илдеттен айыкты
Новость

POST#RIGHT26-апрелге карата коронавирустан 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми илдет жуктурган 17 жаңы учур катталды. Ошону менен республика боюнча вируска чалдыккандардын жалпы саны 682 кишиге жетсе, анын 370и айыгып чыкты. 5-апрелден тарта изилдөөгө жалпы 45 миң 773 анализ келсе, 45 миң 627 изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда ооруканаларда 304 бейтап жатат. Алардын ичинен 13 адамдын абалы оор, алтоо реанимация бөлүмүндө. Ал эми 21 бейтаптын абалы орточо оор, 270 бейтаптын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда. Ушул тапта Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 183 адам жатат. Тилекке каршы 8 киши каза болгон.