COVID-19 менен ооруган кош бойлуу келин айыгып чыкты
Новость KTRK/videograp

COVID-19 менен ооруган кош бойлуу келин айыгып, үйүнө чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда коронавирус менен ооруган кош бойлуу келин айыгып ооруканадан чыгарылды. Дарыланган келиндин беш айлык боюнда бар болгон. Бейтаптын айтымында, бул анын үчүнчү кош бойлуулугу. Жаш келин стационарда 14 күндүк дарылануудан өтүп, ПЧР-анализин тапшырып терс жыйынтык чыккандан кийин үй карантинине жиберилди.