27-апрелге карата Кыргызстанда 21 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди. Айыккандар Бишкек шаарында – 3,
Ош шаарында – 2, Ош областында - 1,
Жалал-Абад облусунда - 9,
Нарында - 1 жана Ысык-Көл областынан - 4 бейтап.
Учурда коронавирустан айыккандардын саны 416га жетти.