POST1RIGHT Жугуштуу илдеттин очогунда иштеп жаткан ак халатчандар жакында апрель айына айлыктан тышкаркы кошумча каражаттарын алат. Учурда өлкө боюнча коронавирус менен алпурушуп жаткан алты миңден ашык медицина кызматкери март айына кошумча төлөмдөрүн толук алып бүтүштү.
Саламаттык сактоо министригинин каржылык саясат башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов бул сумма 35 миллион сомду түзгөнүн билдирди.