Египетте өзгөчө кырдаал режими узартылды
Новость

Египетте өзгөчө кырдаал режими үч айга узартылды. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Абдел Фаттах ас-Сиси элине жасаган кайрылуусунда айтылды. Маалыматка ылайык, 28-апрелден тартып, үч айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланган. Мындай чечим жарандардын коопсуздугуна жана ден соолугуна байланыштуу кабыл алынган. 

Учурда Египетте саат 21: 00дөн 06:00гө чейин коменданттык саат болот. Азыркы тапта Египетте коронавирус жуктургандардын саны 4782ге жетип, 337 бейтап көз жумду. 1200дөн ашык адам айыгып чыкты.