Испанияда акыркы бир күндүн ичинде COVID-19 вирусунан 331 бейтап көз жумду. Бул мурдагы күнгө салыштырмалуу 43кө көп. Эпидемия башталгандан бери каза болгондордун жалпы саны 23500кө жетти. Ал эми илдетке чалдыккандардын саны 209 миңден ашты. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жүз миңден ашык бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылган.
Фернандо Симон, Испаниянын Саламаттыкты сактоо министри:
“Тилекке каршы, бир нече күндүн ичинде 300гө жакын адамдын өмүрү кыйылып жатат. Бирок акыркы 24 сааттын аралыгында 331 бейтап көз жумду. Бул абдан өкүнүчтүү. Бирок коронавирус жуктуруп алгандардын саны кыскарууда. Чынында бул бизге үмүт берет”.
Белгилей кетсек, Испанияда коронавирустун биринчи учуру 31-январда аныкталган. Март айынын ортосунан тартып, Падышалык катуу даярдыкты көрө баштаган. Бул чара бийликке өлкө аймагындагы тургундардын кыймылын чектөөгө мүмкүндүк берди. Дүйшөмбүдөн баштап, бийлик чектөө чараларын жеңилдетти. Алсак, 14 жашка чейинки балдардын көчөгө чыгуусуна уруксат берилди. Шейшемби күнү Министрлер кеңешинин кезектеги отурумунда карантинди акырындык менен алып салуу планы бекитилет.