Коронавирус: 52 бейтаптын абалы орто оор
Новость

Азыркы тапта Кыргызстандагы стационарларда коронавирус илдетине чалдыккан 284 адам бар. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Бейтаптардын ичинен 10 адамдын абалы оор. Алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми 52 бейтаптын абалы орто оор деп бааланып жатат", - Айнура Акматова.