Ишкерчиликтин бир катар чөйрөлөрүндө иш жанданат. Өкмөт алгач бизнестин калк аз топтолуп иштей турган түрлөрү иштешине уруксат берүүдө. Бул маселе Президент Сооронбай Жээнбеков катышкан Коопсуздук кеңешинин чакан жыйынында дагы көңүл борборунда болуп, өкмөт 30-апрелге чейин иштегенге уруксат берилчү объектилердин так тизмесин, план графигин бекитмек болгон. Маселен 1-майдан тартып өндүрүш, курулуш, транспорт каражаттарын оңдоо жана тейлөө, электрондук коммерция башталат. Мындан улам шаарда тоскоолдуксуз жүрүүнү шарттаган өткөрмөнү алууда көптөгөн кайрылуулар болот деп болжолдонуп жатат.