Медицина кызматкерлеринин маянасы жана кошумча төлөмдөрү толук төлөнүүдө
Новость

Коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоого катышып жаткан медицина кызматкерлеринин айлык маянасы жана кошумча төлөмдөрү толук төлөнүп жатат. Убактысында да кечигүү болгон жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди. Каражат республикалык бюджеттен жана бирдиктүү эсепке жарандардан келип түшкөн каражаттан бөлүнүүдө.