COVID-19: 29-апрелге карата, учурдагы кырдаал
Новость

29-апрелге карата, COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны менен акыркы суткада илдеттен айыгып чыккандардын саны бирдей санда 21 түздү. Жаңы жуктургандардын ичинен алтоо медицина кызматкери. 29-апрелге карата коронавирустан 21 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми илдет жуктурган 21 жаңы учур катталды. Ошону менен республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 729 кишиге жетсе, анын теңинен көбү тагыраак айтканда 437 бейтап айыгып чыкты.

5-апрелден тарта изилдөөгө жалпы 50 миң 775 анализ келип, анын бардыгына изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда ооруканаларда 284 бейтап жатат. Алардын ичинен 10 адамдын абалы оор болуп, анын 4 реанимация бөлүмүнө жайгаштырылган. Ушул тапта Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң адам жатат. Тилеке каршы каза болгондор - 8 адам.