Ош: илдетти ооздуктоо чарасы
Новость

Вирустун жайылышын ооздуктоо максатында, ооругандар менен байланышта болгондорду иликтөө Ошто жыйынтыкталууда. Илдеттин очогу аныкталган аймактардын жашоочуларын текшерүүдө коопсуздук менен коргонуу чаралары тыкыр көзөмөлдөнүп жатат. Анализди кимдер, кандай шартта тапшырып жатышат? 

Вирустун очогу аныкталган аймактын жашоочуларына карата иликтөө- сан.эпид кызматынын уруксаты менен гана ишке ашууда. Алгач, ыкчам топ тарабынан коронавирус жугузуп алгандар менен байланышта болгон жана үй карантинине алынган жарандардын өздүгү, жашаган дареги такталат. Текшерүү талап кылынган жарандын короо-жайы дезинфекцияланып, үй-бүлө мүчөлөрүнө түшүндүрүү иши жүрөт.