ТИМ: маселе жагдайга жараша чечилүүдө
Новость

COVID-19 илдети башталгандан бери чет өлкөлөрдө жашап жаткан 8 миңге чукул кыргызстандык өлкөгө кайтып келди. Тышкы иштер министрлиги ушул тапта чет өлкөлөрдө калып, мекенине келе албай жаткан кыргыз жарандарына, ошол жашап жаткан өлкөнүн санитардык-карантиндик эрежелерин туура сактап, сыртка чыкпай турууга чакырууда. Дал ушул жагдайда чет жактагы жарандарга да жакындан жардам көрсөтүлүп жатат.