ӨКМ: дезинфекция иштери улантылууда
Новость

Коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алуу максатында өткөн сутка ичинде ӨКМ тарабынан дезинфекциялоо иштери улантылды. Жалпы 284 куткаруучу тартылып, имараттардын сырты жана жолдор дезинфекцияланды. Өлкө боюнча 52 603 чарчы метр имараттын ичи, 537 623 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 590 226 чарчы метр жер жана 1 221 198 метр жолдор дезинфекцияланды. Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, дүкөндөрдө, банктарда, базарларда, даарыканаларда жана жолдордо жүргүзүлүүдө.