30-апрелге карата Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берип жатып билдирди. Ошол эле учурда бир сутка аралыгында КОВИД-19 жуктуруп алган 17 жаңы учур катталган. Алардын ичинен Бишкек шаарында - 3, Ош шаарында - 1, Ош облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 1, Чүй жергесинде - 9 жана Нарын облусунда 1 учур катталган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 746га жетти. Алардын ичинен көпчүлүгү 462 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Инфекция катталган учурдан берки аралыкта жалпысынан 8 мекендешибиз каза болду.