Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 4 медицина кызматкери жуктуруп алды
Новость

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 4 медицина кызматкери жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 195 учур катталды. Ошол эле учурда жугуштуу илдет менен күрөшүп жатып, өзүлөрү да дартка чалдыгып, бирок кийин айыгып чыккан догдурлардын саны жүздөн ашат.