“Бишкекте 30-апрелге карата коронавируска чалдыккан 183 адам бар. Алардын ичинен 149 – борбордун тургундары жана 34 – аймактардан келгендер. Ошондой эле 61и – медициналык кызматкер жана 12си КР ИИМ кызматкерлери”, - деп билдирди борбор калаанын мэри А.Суракматов.
Анын айтымында, 183 адамдын ичинен 73 адам илдеттен айыккан. Мындан тышкары, үй карантинине алынган жарандарды көзөмөлдөө үчүн мобилдүү бригада түзүлгөн.
“Бишкек шаарында үй карантинине алынган адамдардын саламаттыгын көзөмөлдөө үчүн 40 мобилдүү бригада түзүлдү. Ошондой эле алар жарандардын чалуулары боюнча чыгашат. Бүгүнкү күнгө карата мобилдик бригадалар 7000 чыгуу аткарып, дээрлик 8000 ПЧР-анализ жана экспресс-тест жүргүзүшкөн”, - деп кошумчалады Бишкек шаарынын мэри А.Суракматов.