Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты талапка ылайык болушу шарт
Новость KTRK/videograp

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты талапка ылайык болушу шарт. Ошондой эле элге жеткиликтүү болушу зарыл. Өлкө башчысы бүгүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаеваны кабыл алды. Президент өлкө аймагына коронавирус инфекциясы киргенден бери саламаттык сактоо тармагында системалуу алешемдиктер ачыкталып калганын белгиледи.