Кытайда коронавирустан улам январь айынын аягында жабылган "Жабык шаар" туристтер үчүн ачылды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирет.
Алсак, Кытай императорлорунун ордосу жайгашкан байыркы "Тыюу салынган шаарга" келгендердин саны чектелди. Карантинге чейин Хан ордосуна күнүнө 80 миң адам кире алса, азыр беш миң көрүүчүгө гана уруксат берилди.
Жабык шаар 1987-жылы ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.Ошондой эле Пекинде Жабык шаардан тышкары башка музейлер да ачылды.
Бирок келген туристердин 30%ын гана кабыл алууга уруксат берилген. Кошумчалай кетсек, Кытайда илдеттен төрт миңден ашык адам каза болду. Ал эми дүйнөдө 233 миңге чукул бейтап көз жумду. Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандар 3,2 миллиондон ашты.